Биз социалдык тармакта

Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытовдун 75 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт

Бишкекте Кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытовдун 75 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт.

Иш-чара 24-декабрда саат 10:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болот. Ага Мамытовдун теледе бирге иштеген кесиптештери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышат.

Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсө­түүсүнүн редактору жана алып баруучусу, КТРдин алдындагы "ТВ-студиянын" диктору болгон.

Эске салсак, Кыргыз телеберүүсүнө 50 жылдан ашуун өмүрүн арнаган Бактыбек Мамытов 2022-жылы май айында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан