Биз социалдык тармакта

Ошто аңчылык эрежелерин бузган жарандарга айып пул салынды

Кара-Суу жана Алай райондорунун аймагында аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын текшерүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө аң-уулоо эрежелерин бузган 3 жаран аныкталды. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 263-беренесинин негизинде 3 административдик протокол түзүлүп, ар бирине 12 500 сомдон, жалпы суммасы 37 500 сомду түзгөн административдик айып салынды.

"Аталган иш-чаралар жаратылыш ресурстарын сактоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана биотүрдүүлүктү коргоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, рейддин алкагында жергиликтүү тургундарга жана аңчыларга аң-уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан