"Манас" эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу 11 аба каттамы токтотулду. Учурда көрүнүү аралыгы 400 метрди түзүп, талап кылынган 800 метрге жетпей жатат.
"Кыргызстан аэропортторунун" басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4 каттам кечигип, дагы 16 каттамдын учуусу азырынча белгисиз бойдон калууда.
Аба ырайынын жакшырганына жараша каттамдар боюнча кошумча маалымат берилет.