Бүгүн, 22-декабрда Москвадан Бишкекке учуп келе жаткан учак белгилүү себептерден улам Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна конду.
Учактан түшүрүлгөн жүргүнчүлөр аэропорттун кызматкерлери менен пикир келишпестикке барып, айрым техникалар талкаланды.
Айта кетсек, Бишкекти коюу туман басып, "Манас" аэропортундагы учуулар убактылуу жылдырылууда.