Биз социалдык тармакта

Чүйдө эки күндүк рейдде 39 кылмыш аныкталды

8–19-декабрда Чүй облусунда милиция кызматкерлери “Каракчы” аттуу ыкчам алдын алуу рейдин өткөрүштү. Иш-чара каракчылык жана тоноо кылмыштарынын алдын алууга багытталганын облус милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, рейд учурунда соода жана көңүл ачуу жайлары, ломбарддар, кафе-ресторандар, автоунаа май куюучу жайлар жана башка объектилер текшерилип, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 39 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинде 18 уурулук, 1 опузалоо, 2 зордуктоо жана башка кылмыштар бар. Ошондой эле 42 адам менен профилактикалык маектешүүлөр өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан