Бишкек шаарындагы Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жакын арада кайрадан бир тараптуу болот. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектинин ачылганына байланыштуу аталган көчөлөрдө бир тараптуу жол кыймылы уюштурулат.
"Белгиленген өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн "Бишкекасфальтсервис" ишканасы бардык зарыл болгон жол белгилерин орнотот",- деп билдирди мэрия.