Beeline өлкөнүн бардык аймактарында «Жаңы жылдык коломтосу» жандырат 

Кыргызстанда Жаңы жылды тосуу – бул кубанычка, жомок сезимине жана жылуу жолугушууларга толгон өзгөчө убакыт. Майрамдык маанай ого бетер жаркырашы үчүн Beeline мамлекеттик оператору «Жаңы жылдык коломтосу» аттуу иш-чаралардын сериясын баштады.

Жандуу музыка, даамдуу тамак-аш менен ысык чай, белектер менен кызыктуу конкурстар жана, албетте, Аяз ата, Аяз кыз жана башка жомок каармандары – Beeline ушундай кызыктуу программасы менен бүт өлкө боюнча Жаңы жылдык саякатын баштады.

Биринчи «Жаңы жылдык коломтосу» 19-декабрда Каракол шаарында шаардык мэрия менен биргеликте өткөрүлдү. Иш-чара шаардын аянтында жүздөгөн конокторду чогултуп, алар жайлуу жана чыныгы майрамдык атмосферада убакыт өткөрүштү.

Бул башталышы гана — Beeline майрамы Кыргызстандын башка шаарларына да жөнөп кетти. Өзүңүздүн шаарыңыздагы «Жаңы жылдык коломтосу» өткөрүп жибербеңиз:

23 декабрь 18:00 — Кара-Балта, борбордук аянт;
24 декабрь 18:00 — Баткен, борбордук аянт;
25 декабрь 18:00 — Манас, борбордук аянт;
26 декабрь 18:00 — Ош, борбордук аянт
26 декабрь 18:00 — Талас, борбордук аянт;
27 декабрь 16:00 — Нарын, борбордук аянт;
28 декабрь 18:00 — Бишкек, «Ынтымак» паркы;
28 декабрь 18:00 — Токмок, борбордук аянт.

Маанилүү: график өзгөрүшү мүмкүн. Beeline'дын Instagram баракчасындагы жаңылыктарды байкап туруңуз — «Жаңы жыл» бөлүмүндө иш-чаралардын өткөрүлүшү тууралуу актуалдуу маалымат жарыяланат.

— Beeline'дан «Жаңы жылдык коломтосу» — бул биздин майрамдык маанайга кошкон салымыбыз, өз шаарларыбыздын аянттарына чогулуп, бири-бирибизди ысык чай менен сыйлап, Жаңы жылды жылмаюу жана жакшы ойлор менен тосуу салтыбызга кошкон салымыбыз, — деди Beeline'дын аткаруучу директору Кубаныч Шатемиров. — Мамлекеттик оператор катары биз адамдарды санариптик мейкиндикте гана эмес, жандуу баарлашуу форматында да бириктирген мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кубанычтабыз.
Beeline бардык каалоочуларды «Жаңы жылдык коломтосу» баш багууга чакырат. Кирүү акысыз. Бүт үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана досторуңуз менен келиңиз — көңүлдүү болот!

Beeline – оператордон да артык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан