Биз социалдык тармакта

Транспорт тармагынан бюджетке 1 миллиард сомдон ашык каражат түштү

2025-жылдын 11 айында лицензия берүү, административдик айыптар, уруксат кагаздары, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана атайын уруксаттардан мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 65 миллион 832 миң сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы бул көрсөткүч 334 миллион 170 миң сомду түзгөн. Ошондой эле быйыл чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 41 өлкөдөн 218 миң 250 уруксат кагазы алынган.

Коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу үчүн жүк жана жүргүнчү ташууга байланыштуу лицензиялоо, сынактар жана уруксат кагаздарын берүү процесстери толугу менен санариптештирилип, адам фактору минималдаштырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан