Кечээ, 20-январда адвокат Динара Турдуматова 2013-жылдын ноябрь айында ишкердин 4,5 миллион долларын тоноо боюнча иликтөө иштеринен өтүп жаткан күбө Султан Мурзабековду ИИБге бара жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр сабап, Хонда үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендиги тууралуу айтып чыкты. Ал унаа милиция кызматкерлерине тиешелүү экендигин кошумчалаган. Мындан сырткары ал 14-январда күбөнү Жалал-Абад шаарынан алып келип, милиция кызматкерлери кыйноо аркылуу көрсөтмө алышканын билдирген. Бул маалыматты тактоо үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков тоноочулук боюнча өтүп жаткан күбөнүн уурдалбаганын билдирди.
"Оперативдүү иш-аракеттердин натыйжасында ал адамдын уурдалбаганы аныкталды. Аны атасынын бир тууган иниси Оштогу өз үйүнө алып кеткени белгилүү болду. Эч кандай адам уурдоо фактысы же кылмыштын элементтери бул жерде жок. Азыр күбө катары өтүп жаткан Мурзабеков өз үйүндө",- деди Сыдыков.
Ошондой эле ИИБинин башчысы Б.Абдыкалыков да бул боюнча өз оюн билдирип өттү. "2013-жылдын ноябрь айында ишкердин 4,5 миллион долларын уурдоо кылмыш иши боюнча көпчүлүк адамдар туура эмес маалымат таратууда. Күбөнүн адвокаты Динара Турдуматова өз кызыкчылыгын көздөөдө",- деп билдирди.
Эске салсак, 2013-жылы 10-ноябрь түнү 4 куралчан адам 38 жаштагы жергиликтүү тургунга кол салып, анын 4,5 миллион долларын тоноп кетишкен. Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип бир адам кармалган. Аны тинтүү учурунда жанынан 1 миллион доллар табылган.