Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 24-декабрдагы таңкы рейд учурунда шаардагы Макаренко мектебинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Анда мэр аталган мектепте көп жылдан бери эмгектенген төрт мугалимге Жаңы жылга карата белек тапшырарын билдирди.
"Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Ош мэриясынын атынан сиздерге Жаңы жылдын алдында белек тапшырабыз",- деген мэр.
Мындан тышкары, калаа башчысы жылдын январь айында мектептеги парта жана отургучтар толугу менен алмаштырылып, ал эми жайкы үч айлык каникул учурунда имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирген.