
Баткен облусунун Кадамжай районунда алимент төлөбөй жашырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 24-декабрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Турпак айылылынын 35 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну балдарына төлөнө турган 474 миң 856 сом алиментти төлөбөй, мыйзамдык жоопкерчиликтен качып жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөөлөрдүн негизинде Т.Э. Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.