20-январда Некрасов-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен “Бишкекжылуулукэнерго №3” ишканасынын 1968-жылы туулган кызматкери 96 грамм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Өкмөттүн алдындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ошол эле күнү шектүүнүн жумуш ордунан, тагыраак айтканда, жылытуучу жайдан 1 килограмм 551 грамм баңгизаты да табылган.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.