Бүгүн, 24-декабрда саат 03:20 чамасында Ош эл аралык аэропортунун аймагында унаада калган кызды милициянын Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тоңгон абалда тапты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Автоунаа токтотуучу жайда ДЭУ Нексиянын ичинде 5 жаштагы кыз жалгыз уктап жатканын байкап, унаанын ээсин табууга кылган аракети майнап берген эмес. Түнкүсүн аба ырайы катуу суук болгондуктан унаанын ичиндеги кыз үшүп калганын сезишип, анын эшигин бузуп ачышып, кызды алып чыгышкан. Ага "Тез жардам" кызматы жеринде жардам көрсөтүп, ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өткөрүп берилди.
Күбөлөрдүн айтуусу боюнча кыз автоунаанын ичинде 4 сааттай уктап калган.