Бүгүн, 25-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда төртүнчү Элдик курултай ишин баштады. Ага жер-жерлерден келген 700дөй делегат катышып жатат.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында делегаттарга министрликтердин, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жолугуп, маселелерди, сунуштарды айтууга шарт түзүлдү.