Биз социалдык тармакта

Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шектелип кармалды

Көк бөрү федерациясынын президенти Ж.Р. алдамчылыкка шектелип Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда атайын кызмат расмий маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Ж.Р. УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн деген жүйө менен ЖЧКлардын биринин жетекчисин коркутуп, атайын кызматтагы байланыштарына таянып 390 миң доллар алган.

22-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ж.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан