Биз социалдык тармакта

Президент мамлекеттик кызматкерлерди кайдыгерликтен алыс болууга чакырды

Мамлекеттик кызматкердин кайдыгер жана жоопкерчиликсиз болууга акысы жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда айтты.

Президент мамлекет мындан ары иш-аракетсиздикке жол бербестигин белгиледи.

"Элден келген каттарды кийинки инстанцияларга жөнөтө берген доор бүттү. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматчы деген эл өзү арызданып келгенге чейин эле жерине барып көйгөйлөрдү чечүү, түйшүктү бирге көтөрүүнү билдирет. Жарандарга камкордук көрүү кызматыңардын ажырагыс бөлүгү болушу кажет",- деди ал.

Президент ошондой эле мамлекеттик кызматтарга дайындоодо билимдүүлөргө артыкчылыктар берилерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан