Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров кийинки жылы айдоочулукка окутуунун жаңы стандарты киргизилерин бышыктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда кийинки жылы айдоочулукка окутуунун жаңы стандарты киргизилерин бышыктады.

Президент буга жол кырсыктарынын көп катталып жатканын жүйө келтирди.

"Биз жарандарыбызды жол кырсыктарынын айынан согуштагыдай эле жоготуп жатабыз. Жол кырсыктары мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйгө айланды. Анын себеби көптөгөн жылдар бою айдоочулук күбөлүктүн сатылып келиши десек болот. Бүгүн анын кесепетин көрүп жатабыз. Мындан ары мындай болбойт.

Келерки жылы автомектептерге болгон көзөмөл күчөтүлөт. Экзамендер ачык жана катаал болуп, күбөлүк берүү толугу менен санарипке өтөт",- деди Жапаров.

Мамлекет айдоочулукка окутууда кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөөдө? Бул шилтемеден окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан