Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда бир катар өнөр жай жана социалдык объекттердин ачылышына аралыктан старт берди.
Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бир эле учурда 27 ишкана жана 67 социалдык объект ачылууга даяр экенин билдирип, мамлекет башчыдан уруксат сурады. Жапаров өз уруксатын берди.