Бүгүн, 26-декабрь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.
Мындан тышкары, бардык унаа жолдордо тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Министрлик унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.