Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдү кышында байырлаган ак куулар (видео)

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кышында Ысык-Көлдү байырлаган ак куулардын видеосун бөлүштү.

Видеодон көлдө ак куулардын, өрдөктөрдүн жана башка канаттуулардын жүргөнүн көрүүгө болот.

"Ысык-Көлдүн кышкы керемети - Каракол жээгиндеги ак куулар",- деп жазды министрлик.

Маалымат үчүн:

Кыргызстанга жыл сайын келгин куштардын 350гө жакын түрү учуп келет. Алардын катарында ышылдак жана куркулдак ак куулар дагы бар. Сүйүүнүн символу саналган канаттуулар көлдү айлана Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунун жээктерин байырлашат.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, Ысык-Көл келгин куштар үчүн ыңгайлуу жер, мында 100 миңге жакын сууда сүзүүчү канаттуулар кышташат. Алардан тышкары, жазында, күзүндө жер которгон куштардын эс алуучу жана тоюнуучу жайы.



Ысык-Көлдү кышында байырлаган аккуулар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан