
Курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштер боюнча салынган айып пулдун көлөмү 132 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти тарабынан 3053 текшерүү иши жүргүзүлүп, 2290 протокол түзүлгөн.
Маалыматта былтыр салынган айып пулдардын суммасы 120,1 миллион сомду түзгөнү, быйылкы көрсөткүч андан 9,9 пайызга жогору экени айтылат.