Биз социалдык тармакта

ӨКМ өрт коопсуздугу эрежелерин бузгандарга 15 миллиондон ашык айып пул салды 

Өрт коопсуздугу эрежелерин бузгандарга 15 миллиондон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыл ичинде 12 753 объект текшерилип, 54 181 бузуу аныкталган. Ал эми эскертүүнү аткарбагандарга салынган айып пулдун көлөмү 15 миллион 800 миңди түзгөн.
"Көпчүлүк жарандар турак үйлөрдү, бизнес имараттарды курууда өрт коопсуздугунан мурун анын заманбап жасалгалоосуна, дизайнердик кооздугуна өзгөчө көңүл бурушат. Электр жабдууларын орнотуудан же оңдоп-түзөөдөн ката кетиришет",- деп билдирди ӨКМ.
Министрлик имаратка электр жарыгын туташтырууда жабдуулардын, чубалгылардын жана башка орнотмолордун туура коюлушун камсыз кылуу маанилүү экенин эскертти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан