Бишкек шаарында мас абалда бирөөнүн автоунаасун сүзүп, белгисиз тарапка из жашырып кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кайгуул кызматына 24-декабрда болжол менен саат 23:58де Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол-транспорт кырсыгын жасап качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам чаралардын натыйжасында аталган транспорт каражатынын айдоочусу аныкталып, кармалган. Бирок айдоочу видео көзөмөл бар экенине карабастан, ошол учурда унааны өзү башкаргандыгын четке каккан. Учурда унаасы айып короого токтотулуп, айдоочуга карата бардык тиешелүү укук бузуу боюнча протоколдор түзүлгөн.