Биз социалдык тармакта

"Чоң энеңерди жөнөтөйүн..." Курултайда делегат жердештери ыйлоого кеңеш беришкенин айтты

Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө Оштун Араван районунан келген делегат президент Садыр Жапаровго кайрылып, жердештеринин суу сактагыч куруу боюнча маселесин жеткирүүгө келгенин айтты.

Ал өзү 76 жашта экенин белгилеп, жердештеринин жөнөтүп жаткандагы берген кеңешин айтып отургандарды күлкүгө салды.

"Сиз барып, ушуну айтыңыз" дешти. "Мен эми кантип айтам?" десем, "сиз барып, сүйлөбөй эле ылай бериңиз" дешти. Мен эми кантип ыйлай бермек элем. Андыктан, аларга "мен анда чоң энеңерди жөнөтөйүн" дедим Садыр Нуркожоевич",- деди делегат.

Ал билдиргендей, Араванда суу тартыш болгондуктан, сууну Баткенден, Папан суу сактагычынан жана Өзбекстандан алышат.

Курулайда делегат жердештери ыйлай берүү кеңешин беришкенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан