Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө Ош шаарынан келген делегат айым калаа мэри Жеңишбек Токторбаев аткаминерлердин үлгүсү боло алганын айтты.
Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, кадры бир катар стратегиялык маанидеги иштерди аткарып, өзүнүн география жактан билими жогору экенин көрсөткөнүн белгиледи.
Бул учурда Кыргыз улуттук филармониясынын залында отурган Токторбаевдин жүзүндө жылмаюу пайда болду.