6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук милициясы социалдык тармактарды көзөмөлдөө учурунда Фейсбук тармагында экстремисттик материалдарды тараткан аккаунтту аныкташты. Бул факт катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.
Маалым болгондой, 20-декабрда "Арсенал" аттуу операциянын алкагында шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал Балыкчы шаарынын тургуну Ж.Э. болуп чыкты.
Шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, далил катары уюлдук телефону алынып, соттук лингвистикалык экспертиза дайындалган.
Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата эки айлык үй камагына алуу чарасы колдонулду.