Биз социалдык тармакта

Ошто 700 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү (сүрөттөр)

Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарында балдар үчүн арналган жаңы жылдык “Алтын балаты” майрамы болуп өттү. Иш-чара Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында уюштурулуп, ага 700 бала катышканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардагы кичинекей тургундарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук, билимге умтулуу жана кең келечек каалады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы жана “Келечек” чыгармачылык балдар борбору тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр, жомок каармандары, ыр-бийлер көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда ар бир балага мэрдин атынан белектер жана оюнчуктар тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан