Нарын облусунда жаңы унааларды жүктөп келе жаткан оор жүк ташуучу унаа кырсыктады. Окуя Кызыл-Бел ашуусунда орун алып, трал менен келе жаткан унаалар жардан ылдый карай түшүп кеткен.
Күбөлөрдүн айтымында, үстүнкү кабатындагы унаалар оодарылып, алдыңкы катардагылар калган. Жүк ташуучу унаанын мамлекеттик номуру Кытайдыкы экендиги белгилүү болду. Жеринде жол тескөөчүлөр иш алып барып жаткандыгын көрүүгө болот.
Учурда тийиштүү кызматтардан расмий маалымат бериле элек.