Бишкек шаарында куткаруучулар сүйлөшүү жолу менен бир өмүрдү сактап калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору тастыктады.
Маалым болгондой, 1992-жылы туулган М.А. аттуу эркек жараны өз өмүрүнө кол салууну көздөп жатканда куткаруучулар аны коопсуз жакка түшүрүп алган. Аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.