Биз социалдык тармакта

Ташиевдин тапшырмасы менен компания негиздөөчүсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргыз Жол Курулуш" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев кармалганын билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 27-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлгө болгон иш сапарында аны камакка алуу тапшырмасын койгон.

Шектүү Балыкчы–Барскоон–Каракол унаа жолунун курулушундагы кемчиликтер жана жолдун мөөнөтүндө бүтпөгөнү үчүн кармалды. Ал Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан