Биз социалдык тармакта

Бишкекте кишини өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды 

Бишкекте 30 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп качкан 21 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-декабрда саат болжол менен 23:04 чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү "Анел" ресторанынын алдында болгон. Анда шектүү жолдон өтүп бара жаткан адамды Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада жөө жүрүүчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын мас абалда болгону да аныкталган.

Ал эми унаа айып короого киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Бишкекте адамды өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан