Биз социалдык тармакта

Атайын кызматтын беделин шылтоолоп акча алган жаран кармалды (видео)

УКМК кызматкерлеринин беделине шек келтирген фактылар аныкталып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды.

Атайын кызмат билдиргендей, аталган жаран өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартууну айтып ишкерлерди коркутуп, алардын 26 300 долларын тартып алган. Ал өзүн УКМК төрагасынын жардамчысы, ага түздөн-түз баш ийген адамы катары тааныштырып, ошондой эле анын уулу менен достук мамиледе экендигин айтып коркуткан.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан