“К.Асаналиев атындагы акыйкатчы институту” коомдук уюмунун төрагасы Анвар Сартаев 21-январдагы маалымат жыйынында “2013-жылы Кыргызстан боюнча 4 288 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 75 адам каза тапты” деп билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы 49 мектеп, 11 бала бакча күйүп кетип, 366 миллион сом каражатка чыгым алып келген. “Кечээ Токмоктогу муниципалдык башкармалыктын имараты күйүп кетти. 16-январда Чаткал районундагы мектепке тиешелүү 450 чарчы метр аянт өрттөнгөн. 17-январда Араван районунда базардын 1 400 чарчы метр жери өрттөнүп кеткен”,- деди ал. Бул өрткө каршы текшерүүлөрдүн жоктугунан келип чыгууда. “Өрт өчүрүүчүлөрдүн айлык маянасы көтөрүлбөй жатат” деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган көрсөткүчтөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматтан айырмаланып турат. Мекеменин маалыматына ылайык, өткөн жылы 4 202 өрт кырсыгынан 5 адам набыт болгон.