Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Португалиянын президенти Анибал Каваку Силва тарабынан падыша Генрих ордени менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчуга сыйлык өз өлкөсүнүн желегин чет жерлерде желбиретип жаткандыгы үчүн жана өсүп келаткан жаш муунга үлгү көрсөтүп жаткандыгы үчүн тапшырылды.
Эске салсак, сыйлык тапшыруу аземи 6-январга туураланган. Бирок 5-январда легендарлуу футболчу Эйсебионун дүйнө салганына байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи артка жылдырылган. Ал ортодо Криштиану Роналду ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталып, "Алтын топко" ээ болду.