Кыргызстандык Севара Тажибаева дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын бири Гарвард университетинин магистратурасын ийгиликтүү аяктады.
Ал дизайн, инновация жана технология багытындагы татаал жана жогорку талаптагы академиялык программаны ийгиликтүү өздөштүргөн.
Гарвард университети - АКШнын эң байыркы жана эл аралык деңгээлде таанымал окуу жайларынын бири болуп саналат. Бул жерде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, АКШ президенттери жана белгилүү илимпоздор билим алышкан.
Севера Тажибаеванын жетишкендиги Кыргызстандан чыккан кыздардын дүйнөлүк аренада атаандаша аларын дагы бир жолу көрсөттү.