Эртең, 31-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6 күндүз +10 ... +15;
- Талас жергесинде түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +9 ... +11;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +9 ... +11;
- Нарын аймагында түнкүсүн -15 ... -17, күндүз -9 ... -11;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +12 ... +14.