Биз социалдык тармакта

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кыз дайынсыз болууда

Бишкек шаарында 14 жаштагы мектеп окуучусу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу калаанын Ленин райондук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-декабрь күнү Ленин РИИБине А. Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, кызы 2011-жылы туулган Нурбекова Мадина, 9-класстын окуучусун издөөгө жардам сураган.

Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 11:30да сабактары бүткөндөн кийин өспүрүм мектептен чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Белгилери: арык дене түзүлүштө, бою 155-160 см, чачы кочкул-сары (каштан) түстө, улуту - кыргыз.
Өзгөчө белгилери: жок.
Кийген кийими: кара шым, ак көйнөк, кара бут кийим (мектеп формасы).

Жогорудагы өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап койсо болот: 0 (312) 35-29-47, 35-12-70, +996 705 307 703, 0551 088 330, 0224 214 346.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан