Биз социалдык тармакта

Бишкекте жүк ташуучу унааны айдаган өспүрүм аныкталды (видео)

Бишкекте түнкү рейд учурунда жүк ташуучу унааны айдаган өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирет.

Анда маалымдалгандай, жол милиция кызматкерлери Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан. Ал учурда айдоочуда айдоочулук күбөлүк жок экени аныкталган.

Ал фирмалардын биринде иштеп, жүк ташып жүргөнүн билдирген. Кийинчерээк ал өспүрүм экени такталган. Аталган факты боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короосуна коюлду.

Жол милициясы ата-энелерди жана мекеме-уюмдардын жетекчилерин мыйзам талаптарын так сактоого, айдоочулук укугу жок адамдарга унаа башкарууга жол бербөөгө чакырат.


Жүк ташыган унааны айдаган өспүрүм аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан