
Баткенде алтын менен байланышкан алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну М.Э.К. аттуу жаран базарда жайгашкан А.у.Анын алтын дүкөнүнөн 10 грамм алтынды 97 миң сомго баалап, алып кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып берген эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү кармалган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.