Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды

Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталып, тиешелүү протокол түзүлдү. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулганын Кайгуул кызматы билдирди.

Ага ылайык, рейддик иш-чарада Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочу шектүү жүрүм-турум көрсөтүп, наркологиялык мекемеге жеткирилген.

Экспертизанын жыйынтыгында айдоочу унаа башкаруу учурунда алкоголдук жана баңгизаттык мас абалында болгон. Андан кийин ал кызматкерлер аны көрө албастыктан улам токтотушканын билдирген.

Айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан