Биз социалдык тармакта

"Тазалык" кызматкерлеринин каза болушу: Үчүнчү адамдын сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, үч эркек адамды издөө боюнча жүргүзүлгөн куткаруу иштери толугу менен жыйынтыкталды. Иш-чаралар 2025-жылдын 30-декабрында министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен башталган.

Куткаруучулардын ыкчам жана координацияланган аракеттеринин натыйжасында изделип жаткан адамдардын бардыгы табылды. Тактап айтканда, 30-декабрь күнү каналдан биринчи адамдын сөөгү аныкталып, ал ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Эртеси, 31-декабрда саат 09:50 чамасында экинчи адамдын сөөгү табылган. Ал эми бүгүн, 1-январда үчүнчү эркек кишинин сөөгү табылып, тиешелүү тартипте милицияга өткөрүлүп берилди.

Учурда издөө-куткаруу иштери аяктаган, ал эми окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлүүдө. Окуянын себептери жана шарттары тергөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан