Кечээ, 2-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан жатаканалардын биринде өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 1 автошаты, 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана ККББдан ыкчам топ иш алып барган.
Окуя болгон жерден жалпысынан 150 студент эвакуацияланды. Өрт кырсыгы саат 23:46да толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөн жабыркагандар катталган жок. Тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 380 чарчы метрди түздү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.