Чүй облусунун Ысык-Ата районунда массалык мушташка катышкан делип 29 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан бүгүн, 3-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2-январда милицияга Ысык-Ата районунун айылдарынын биринде жаштардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Анын негизинде окуяга тиешеси бар 29 адам Чүй ОИИББге тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзү үчүн жеткирилип, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Белгилүү болгондой, мушташ айылдагы дүкөндүн унаа токтоочу жайында автоунаалардын жүргүнчүлөрүнүн ортосунда унаа токтотуучу жайга байланыштуу пикир келишпестиктен чыккан.
Натыйжада 11 адам кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Мындан тышкары коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 18 адамга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протоколдор түзүлдү.