Голливуд жылдызы, "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Уилл Смитке сексуалдык кысым көрсөткөн деген айып менен доо арыз берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар соттук документтерге таянып жазышууда.
Маалыматка ылайык, доо арызды профессионал скрипкачы Брайан Кинг Жозеф берген. Жозефтин билдирүүсүндө айтылгандай, ал Уилл Смит менен алгач ирет 2024-жылдын декабрь айында биргелешкен концертте өнөр көрсөткөн.
Учурда доо арыз боюнча териштирүү иштери уланууда. Уилл Смит же анын өкүлдөрү бул айыптоолорго карата расмий комментарий бере элек.