Биз социалдык тармакта

Бишкекте адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы катталды

Бишкекте 2-январь күнү жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык Биримдик-Кут көчөсүндө болгон. Анда 1979-жылы туулган эркек киши алган оор жаракаттарынан улам каза тапкан. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жол кырсыгын жасаган айдоочунун өздүгү аныкталып, жөө жүргүнчүнү Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткени белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан