Ош мамлекеттик социалдык университеттин 20 жылдыгына карата мугалимдер арасындагы спорттук мелдеш жыйынтыкталды

14-18-январь күндөрү ОшМСУнун профессордук-окутуучулар жана кызматкерлер курамдарынын арасында волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол спорт түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдеш аяктады.  Бул тууралуу бүгүн, 21-январда аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Арген Нуров билдирди. 
Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун 4 түрү боюнча өтүп, төмөндөгүдөй жыйынтыкталды. Эркектер арасындагы волейбол боюнча 1-орунду медицина колледжи, 2-орунду Административдик башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери алышса, 3-орун Табигый педагогикалык факультетке буюрду. 
Тогуз коргоол оюнунда 1-орунду табигый педагогикалык, 2-орунду тарых филология факультети, ал эми 3-орунду социалдык колледж алды. Шахмат боюнча 1-орунду тарых филология факультети, 2-орунду  социалдык колледж, 3-орунга табигый педагогикалык факультет ээ болду.
Теннис боюнча жеңүүчүлөр 1-орунду административдик башкаруу кызматкерлери, 2-орунду кесиптик лицей, 3-орунду социалдык колледж алды. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан