Биз социалдык тармакта

Мунайбы же саясатпы? Парижде Венесуэланы колдогон акция өттү

Франциянын борбору Парижде АКШнын Венесуэлага жасаган авиасоккуларына каршы нааразычылык акциясы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, республика аянтына чогулган жүздөгөн активисттер "АКШга бойкот", "Империалисттик агрессия токтотулсун" деген ураандарды чакырышкан. Айрым демонстранттар АКШнын желегин өрттөшкөн.

"Багынбаган Франция" партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон АКШнын Венесуэлага кол салуусун дүйнөлүк тарыхтагы жаңы трагедия деп атап, кийлигишүүнүн негизги себеби мунай экенин билдирди. Ал баңгизат аткезчилигине каршы күрөш бул чабуулга шылтоо боло албасын белгиледи.

Эскерте кетсек, Венесуэланын лидери Николас Мадуро жубайы менен 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан