Биз социалдык тармакта

Кафеде мушташкан жарандар кармалышты

Бишкекте кафеде мушташкан деп эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Такталгандай, милицияга 2-январда саат 03:33 чамасында Сухэ Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин бириндеги мушташ боюнча билдирме түшкөн.

Аталган факт Октябрь РИИБиде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 1992-жылы туулган М.А., жана 1993-жылы туулган С.Э. аттуу жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Кафеде мушташкан жарандар кармалышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан