Бишкекте 2013-жылы жол кырсыгынан 3 546 адам жаракат алса, 123 адам көз жумган

2013-жылы борбор шаарда 2 898 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 21-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктар 123 адамдын өмүрүн алып кетсе, 3 546 адам жаракат алган. 

Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алгандар (1 736). Коомдук транспорттун айдоочуларынын катышуусунда 179 кырсык катталган. Анда 273 адам жаракат алса, 11 адам набыт болгон. Көпчүлүк учурда айдоочулардын жолдордогу белгилерге көңүл бурбаганы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан