Венесуэланын президенти Николас Мадуро айыптоо процедурасынан өтүү үчүн Нью-Йорк шаарындагы федералдык сотко жеткирилди. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдү Fox News телеканалы жарыялады.
Басылманын маалыматына караганда, 3-январда Венесуэлада кармалган экс-президент Бруклиндеги тергөө абагынан чыгарылып, Манхэттендеги федералдык сотко алып келинген. Анын соту Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:00дө өтөт.
Эскерте кетсек, Венесуэланын лидери Николас Мадуро жана жубайы 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө кармалган.